Menu

Анвар Артыков тизелеп кечирим суроого даяр

Бөлүшүү:

Депутат Анвар Артыков менен юстиция министри Уран Ахметов Жогорку Кенештин жыйынында паспортту жана ПИН кодду алмаштырууга ким укуктуу экени тууралуу талашып, кайым айтышып кетишти. Министр Уран Ахметов соттор ПИНди өзгөртүүгө укугу жок экенин айтты. Мындан улам депутат: “Мамлекеттик каттоо кызматы ПИНди соттун чечими менен алмаштырса болоорун айтып жатат, юстиция министри болсо соттордо мындай мүмкүнчүлүк жоктугун билдирди. Мыйзамды экинчи окууга кайра жөнөтүш керек. Билимсиздер менен талкуулагандан эмне? Билимдүү адистерди чакырыш керек”, – деп ачууланды.

Министр өз кезегинде анын дарегине билимсиз деген сөздөрдү айтууга депутаттын укугу жок экенин билдирди. Мындай жоопко куйкасы курушкан эл өкүлү: “Ахметовдун сөзү боюнча комиссия түзөлү. Эгерде ошончо билимдүү экениңизди далилдегиңиз келсе стенограмманы караңыз. Эгерде мен туура эмес кылган болсом тизелеп кечирим суроого даярмын”, – деп кыйкырды.

Айтмакчы, бул министр боюнча сындар арбын айтылчу болду. Өткөндө дагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Уран мырзаны экиге окуган сабатсыз деп тилдеген.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: