КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча өкүлдөрү баңгини мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктады. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга тиешеси бар мурда сот жообуна тартылган Каракол шаарынын жашоочусу 31 жаштагы Б. И. аттуу жаран болуп чыкты. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 4 кг 250 грамм салмактагы бангизаты марихуана табылды. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Бишкек ШИИБдин Кылмыш тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Нижне-Чүй айылынын жашоочусу 31 жаштагы Б. Е. деген жаранды текшерүү учурунда 190 граммды түзгөн марихуана табылып алынды. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246 беренесинин (ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ташуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган эки жаран ИИОнун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул фактылар боюнча тергөө уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ