-Ош шаарында мектепти бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөр бара жаткан машине жол кырсыгына учурады. Маалым болгондой, Оштун Киров мектебинин бүтүрүүчүлөрү 24-июнь күнү саат 12:30 чамасында кортеждин коштоосунда бара жатып, “Мерседес Бенц Гелендваген” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен рулдагы мектепти жаңы бүтүп жаткан бүтүрүүчү оор жараат алып ооруканага жатса, жанындагы бүтүрүүчү да жеңил эмес жараат алган. Экөө тең учурда Ош шаарындагы ооруканада экени белгилүү болду. Кырсык Оштун Кара-Суу районун аймагында болгон. Алар бүтүрүү кечесин майрамдап жүрүшкөн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ