Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагында 2017-жылдын 27-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел агындылары Бабанов көчөсүндөгү 5 турак жайдын короо-жайларын каптаган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Селдин кесепетин жоюу үчүн Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, Аманбаев айыл аймагынын ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 10 адам тартылган.
2017-жылдын 27-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Ыктыярдуу куткаруучулар тобу тарабынан короо-жайлар тазаланган. Айыл аймактан 20 кап бөлүнүп, ички чарбалык арыктардын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн, жумуш толугу менен аяктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ