МУКК контртеррористтик иш чаралардын алкагында, КР жарандары 1983ж.т. «О.Д.», 1989 ж.т. «Р.Н.», 1986 ж.т. «К.С.» жана 1996 ж.т. «Я.Р.» мүчө болгон ЭТУ тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында МУККнун басма сөз кызматы билдирет.
Аныкталган боюнча ЭТУ мүчөлөрү колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан.
Бул факты боюнча КР МУКК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 27-226 (Терроризм актысын даярдоо), 226-1 (Террорчулук ишти финансылоо), 229 (Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 299-2 (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жарандар МУКК тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ