Октябрь РИИБдин кызматкерлерине “Тайота-Вист” үлгүсүндөгү автоунаасын машина жуучу жайга токтоткон маалда машина жуучу жайдын жумушчусу айдап качкандыгы боюнча Бишкек шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында изи сууй электе Чүй областынын тургуну 17 жаштагы А. Э. кармалды. Бул факт боюнча Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 172- беренеси (мыйзамсыз негизде автоунаага жана башка автотранспортторго ээ болуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Милицияга 2016-жылы август айларында “Мерседес Бенц-250” үлгүсүндөгү авто унаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран тарабынан уурдалганына байланыштуу Бишкек шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн. Бул факт боюнча Биринчи май РИИБдин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн берененин негизинде кылмыш иши козголуп, Биринчимай РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар деп шаар тургуну 32 жаштагы О. А. кармашты. Шектелүүчу №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ