Menu

Илимдер академиясында “Кыргыздар” томдугунун бет ачары болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан даярдалган, Россияда басылып чыккан “Кыргызы” томдугунун бет ачары болду. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Китеп “Народы и культуры” сериясынын алкагында жарык көрдү. Авторлордун айтымында томдукту чыгаруу идеясы 11 жыл мурун пайда болуп, ал 6 жыл дегенде ишке ашырылды.

Бет ачаарга илимпоздор, УИАнын илимий кызматкерлери, коомдук ишмерлер, тарыхчы-этнографтар,  жазуучулар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, эмгектин мазмуну жөнүндөгү ойлорун билдирип, сын-пикирлерин айтышты.

Тарых жана маданий мурастар институтунун директору Абылабек Асанкановдун билдирүүсүндө томдукту жазууда 45 автор катышкан болсо, анын 43 кыргыз окумуштуулары жана үчөө гана москвалыктар болгон.

“Китептин өзгөчөлүгү  – анын мазмунун түзүүгө тарыхчылардан тарта искусство таануучулардын, фольклорчулардын, тилчилердин, адабиятчылардын дагы катышкандыгы десе болот” – деди А.Асанканов.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев жазылган эмгек тууралуу оюн билдирип жатып, анын өзүнчө жаңы фундаменталдуу эмгек болгонуна токтолуп, китептин академиялык негизде жазылганын, аны менен катар окумуштуулардын өзүнчө бир интеграциясы түзүлгөнүн белгилей кетти.

КРнын Илим жана билим берүү министрлигине караштуу Илим департаменти башкармалыгынын башчысы Догдурбек Чонтоев окуу жайларындагы тарых китептеринин жетишсиздигин айтып, фундаменталдуу эмгектин жазылышын жакшы саамалык катары белгиледи.

“Эгемендүүлүктү алгандан берки 20-25 жылда окуу куралдарынын жетишсиздиги байкалып келген. Бул китептин чыгышы биринчи кезекте билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлары үчүн пайдалуу болот  деп эсептейм. Андыктан 2018-жылга карата китепти которуп даярдап, министрликтин аты менен өткөрүп берүүңүздөрдү өтүнөм. Азыркы учурда каржылоо жагын уюштуруп берүүгө мүмкүнчүлүктөр бар” – деди Д.Чонтоев.

Ал эми академик Абдыганы Эркебаев кыргыз улутуна арналган Бартольддун жана Абрамзондун илимий эмгектерин, алардын өзгөчөлүгүн айтып келип, жаңы чыккан “Кыргызы” китебине да токтоло кетти.

  • Кыргыздар жөнүндө илимий эмгектер мурда фрагментардуу, үзүндү катары гана чыгып келген. Туура 90 жыл мурда алгачкы жолу В.В.Бартольддун эмгеги, андан соң С.Абрамзондун эмгеги басылып чыккан. Ал эми бул китептин жарык көрүшү – маанилүү окуялардан дээр элем. Себеби бул эмгек фундаменталдуу, ири, коллективдүү эмгек жана да кыргыздын бай тарыхын изилдөөдө учу улана турган эмгектерден деп эсептейм.

Китепти түзүүдө Кинофонофотодокументтер борбордук мамлекеттик архивинин, өлкөнүн алдыңкы музейлеринин материалдары пайдаланылган.  Ошондой эле этнографиялык жана социологиялык жаңы талаа материалдары, белгисиз болгон жазма булактар, архивдик жана фото документтер менен тарыхый артефактылар колдонулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: