Menu

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорундагы  жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда, социалдык объектилерди куруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы 2017-жылдын жазында жаратылыш кырсыктары болору менен, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу, анын ичинде социалдык объектилерди куруу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

«Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдында райондорго мектеп, оорукана куруп, жабыркаган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча өзүнчө тапшырма берилген. Чоң-Алай районундагы климаттык шартты эске алганда, ал жакта сентябрь айында кыш келет. Андыктан курулуш иштерин тездетүү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча каржы маселеси чечилгенин кошумчалады.

Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 23-25-июнунда ведомствонун атайын адистери Ош облусунда көчмө иш чараларды өткөрүштү. Бүгүнкү күндө курулуш объектилери боюнча керектүү болгон бардык курулуш-сметалык документтер даяр. Такталган объекттердин курулушу 2017-жылдын 5-июлунда башталып, 5-ноябрда аягына чыгат.

Алардын катарында Чоң-Алай районуна эки мектеп, эки оорукана, Ош облусунун Өзгөн районуна төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна бир мектеп салынат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жыйында мындан сырткары өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы мектептердин имаратынын курулушун ыкчам аяктоо пландары жөнүндөгү маселени козгоду. Бактыбек Абдиев маалымдагандай, жакынкы аралыкта алардын ичинен 14 объекти боюнча иштерди баштоо пландалып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: