Menu

Жогорку соттун Төрайымы башында турган кыргыз делегациясы Франциянын Улуттук магистратура мектебинде болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы тажрыйба алмашуу боюнча таанышуу сапарынын алкагында 26-июнда Париждеги Франциянын Улуттук магистратура мектебинде болушту. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш чаранын максаты – Европа Биримдигинин карьералык өсүү, судьялар жана прокурорлордун иштерине баа берүү тармагындагы практикасын жайылтууга көмөктөшүү;  практикалык билим алууга жардам берүү, кызматташуу, судьяларды жана прокурорлорду окутуу; судья жана прокурорлорду окутуу процессин башкаруу потенциалын күчөтүү; эл аралык кызматташууну күчөтүү.

Делегацияны Франциянын Улуттук магистратура мектебинин директору Оливье Льоран мырза тосуп алып, Улуттук магистратура мектебинин ишмердиги тууралуу айтып берди. Директордун орун басары Шамуар Бенуа, магистраттарды даярдоо боюнча окуу бөлүмүнүн жетекчиси Мартинвиль Эрик, Бордо шаарындагы Улуттук магистратура мектебинин директорунун орун басары Эммануэль Пьере да өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Кыргыз делегациясынын курамы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаева, КР Судьялар кеңешинин төрагасы К. Джунушпаев, КР Башкы прокурорунун орун басары К. Токтогулов, КР Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары М. Саякбаев, КР Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы С. Бокошов, КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы А. Токтошева жана Европа Биримдигинин долбоорунун өкүлдөрү: долбоордун негизги эксперти Р. Тофтисова-Матерон, долбоордун улуттук эксперти З. Абдулхафизова жана котормочу Д. Конов.

Иш чаранын уюштуруучулары – Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоору жана  Эл аралык укуктук кызматташуу боюнча агенттиги (JCI).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: