Ички иштер министрлигинин Финансы чарбалык башкармалыгынын жетекчиси Рахат Жапаров милиция кызматкерлеринин формасына, кийим-кечесине деп бөлүнгөн акча каражатынан өөнөп жатабы деген ойго келдик. Сураштырсак милициялар формаларын өздөрү сатып алат экен. Бул кандай десек, ИИМден берилген формалар сапатсыз, жайында ысытса, кышында үшүтөт экен. Бир кийгенде эле айрылып түшүп, ыңгайсыздыкты жаратканынан улам, ар бир кызматкер өз чөнтөгүнөн форма сатып алганды адатка айлантышыптыр. Өткөндө баарыбыз көрдүк, МАИ кызматкери катуу жамгырда Шодокондун бүркүтүндөй болуп көчөдө кызматын кылып турду. Уят эле. Дааратканадан акча өнөгөн Жапаровго форма эмне болуп калыптыр…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ