Казакстан президентинин жээни Айсултан Назарбаев Футбол федерациясынын вице-президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эл аралык ФИФА, УЕФА уюмдары жана Улуттук Асссоциациялар менен иш алып барат.
Федерациянын сайтында белгиленгендей, эл аралык уюмдар менен байланышты камсыздаган вице-президенттин орду буга чейин бош болчу. Бирок бул кызмат тууралуу буга чейинки маалыматтарды ачык булактардан табууга мүмкүн болгон жок.
Назарбаевдин жээни Футбол федерациясынын мурдагы жетекчисин эл алдында сындап келгендиги менен белгилүү, 2015-жылы мекемени башкаруу үчүн талапкерлигин да койгон.
Ал казак президентинин кызы Дарига Назарбаеванын кенже уулу, 27 жашта.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ