-Президенттин аппараты «эмне үчүн Отунбаеванын президент болгонун шашып, ошол күнү жарыялап коюшту. Шашпай эле референдумдун жыйынтыктары гезитке жарыяланган соң жарыялашайбы?» деген суроону коюп жатышат. Эмне үчүн?
-Эми шашмалык жөнүндө кеп. Роза Отунбаева 2011-жылдын 31-декабрына чейин президент болуп бекиген. Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин 2011-жылдын 1-декабрында эле Роза Отунбаеваны шаштырып, кетирип, анын ордуна президент болуп алды. Роза Отунбаева ошондо айтса болмок “дагы бир ай убактым бар, 31-декабрга чейин отура турайын, Алмаз шашпа» деп. Бүгүн Атамбаев айтат “Роза Отунбаева эмнеге шашып, ошол эле күнү жарыяланып алды?” деп. Ал эми 30 күн мурун шашып, президент болуп олтуруп алган Атамбаев жөнүндө эмне деп айтса болот?
Атамбаев Убактылуу өкмөттүн жөн эле мучөсү эмес, төраганын биринчи орун басары болчу. Эми ушундай адам ошол өткөөл мезгилдеги кыйынчылыктарды, кыйчалыш мезгилдерди дароо унутуп, анан ошол кезде сунуш кылынган моделдин маңызын түшүнбөй, «Роза Отунбаева шайланган жок!» деп айтып жатса, анын азыркы Фарид баштаган жан-жөкөрлөрү, боссунан да терең түркөйлөнүп, «…түп нускага Текебаев жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кол койбойбу?» деген «арык аттап, суу кечпеген» кинеси кырдаалды түшүнгөн адамдын күлкүсүн келтирет.
Кол коюлган! Убактылуу өкмөттүн да баардык өкмөттөр сыяктуу эле өзүнүн иш тартиби бар. Мүчөлөрү кол көтөрүп кабыл алат, бир киши, төрага кол коёт. Кабыл алынган мыйзамга 120 депутат кол койбойт да, төрага кол коёт. Өкмөттүн чечимине премьер-министр гана кол коёт. 2010-жылдын 19-майында Отунбаева Убактылуу өкмөттүн Референдум жөнүндө декретине кол койгон жана Конституциянын текстин элге алып чыккан. Ал текст «Эркин Тоо» гезитинин 2010-жылдагы 20-майындагы санына жарыяланган. Референдум 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда сунуш кылынган Конституция кабыл алынып, Отунбаева Конституция менен кошо күчүнө кирди. Ошондуктан, кол коё турган адам болгон эмес. Биз ошондой эрежени кабыл алганбыз.
Эми түп нуска жөнүндө. 2010-жылы 6-июлда «Эркин тоо» гезитинин №61 санына жарыяланган текст Конституциянын түп нускасы болуп эсептелет.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ