Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан кармалып келгенден бери дымы билинбейт. Тергөөдөн, соттук иштерден дайын жок. Дым. “Кимди-ким көрдү Быржыбайды там басты” дегендей абал. Ал ортодо Жунусов үйүндө эле чардап жатканы айтылууда. Адамкул Жунусовдун жубайы жолдошун камабаш үчүн Финполицияга 500 миң доллар бергени кеп болууда. Мындан улам, Финполиция ишти көздөн далдоо кармоо аракетинде болуп жатыптыр.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ