Menu

“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышабы?

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын акыркы тизмесин жарыялады.

Белгилей кетсек, 24-октябрь арыздарды тапшыруунун акыркы күнү болгон.

4-октябрда өткөн шайлоого 16 партия катышкан. Алардын ичинен үч гана партия БШКга кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген эмес.

Алар:

1. “Биримдик” (өткөн шайлоодо партия 24,5% менен биринчи орунга чыккан).

2. “Мекеним Кыргызстан” (өткөн шайлоодо партия 23,88% менен экинчи орунду ээлеген).

Бул партиялар шайлоочулардын добушун сатып алуу, добуш берүүнү контролдоо, шайлоочуларды коркутуу, жарандардын шайлоо дарегин күч менен өзгөртүү жолу менен шайлоочунун эркин билдирүүгө мыйзамсыз таасир көрсөткөндүгү ж.б. үчүн айыпталууда.

3. “Мекенчил” (өткөн шайлоодо партия 6,85% менен үчүнчү орунду ээлеген, бирок парламентке өткөн эмес).

Дал ушул партиядан УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоого катышкан. Партия ошондой эле Садыр Жапаровдун образын шайлоо өнөктүгүндө активдүү колдонгон. Акыркы жумалардагы окуялардан кийин, ушул партиянын мүчөлөрү ар кайсы ведомстволордо, тактап айтканда, өлкөнүн ар кайсы аймактарында кызматтарды аркалашат.

24-октябрда Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын кайра шайлоону 20-декабрга белгилөө чечимин жокко чыгарганы белгилүү болду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссия саясий партиялардан документтерди кабыл алууну токтото тургандыгын билдирди.

Кечээ м.а. жана премьер-министр Садыр Жапаров алгач президенттик шайлоо өтөрүн, реформалардан кийин гана парламенттик шайлоо дайындала турганын билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын парламенттик шайлоо 2020-жылдын 20-декабрына дайындалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Биринчиден, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин, реформалардан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалат” – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: