Казакстан «Маймак» станциясынын ижара акысын төлөбөй жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтып чыкты. Бул туурасында Рыскелди мырза: «Кыргызстан «Луговой» станциясынын ижара акысын үзгүлтүксүз төлөп жатат. Казакстан Таластагы «Маймак» станциясын колдонгондугу үчүн ижара акысын, жер салыгына акча төлөбөй келе жатат», – деп билдирди. Буга байланыштуу маселени оңдуу чече албаган «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алууну сунуштады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ