Өлкөдө жол кырсыгы азайбай жатканы коомчулуктун кабыргасын кайыштырып, азапка салууда. Жакынкы эле эки күндүн ичинде кайгылуу окуялар дагы кайталанды. Айтсак, Бишкектин борборунда автобус бир кызды сүзүп, ал ошол жерде мерт кетсе, Ош шаарында мектеп бүтурүүчүлөрү ижарага алган кымбат баалуу унаа менен кырсыкка кабылып, балдардын өмүрү бычактын мизине коюлду. Ал эми Чолпон-Ата шаарында катуу ылдымдыкта келген «Субару» маркасындагы жеңил унаа жол жээгинде турган патрулдук милиция кызматкерин уруп кетти. Буту сынып, баш мээси чайкалып, боору жабыркаган 36 жаштагы милиционерди дароо шаардык ооруканагажеткиришкен. Бирок, алган жарааты катуу болгондугуна байланыштуу МАИ өкүлү өзүнө келе албай көз жумганы кечээ кабарланды. Ылайым элибиз аман болсун!
Булак: “Де Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ