Menu

2017-жылдын 1-октябрына карата 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-октябрына карата 373 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санынын ичинен  189 электрондук форматка өтөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн талкуулоонун жүрүшүндө берди. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы белгилегендей, электрондук башкаруу жана электрондук документ жүгүртүү  маселеси дүйнө жүзүндө келечектүү болуп саналат. Алдыңкы өлкөлөрдө мындай кадам менен коррупцияны жоюуга жана экономиканы өнүктүрүүгө жетишүүдө.

Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жогорку технологиялык «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында биринчи кезекте калк үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү милдети коюлганын баса белгиледи.

«2017-жылдын 1-октябрына карата 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт. Аталган маселени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкөнүн мамлекеттик органдары Мааалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте тыгыз байланышта иш алып барышы керек. Облус жана район жетекчилери активдүү колдоо көрсөтүүсү зарыл», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мааалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымдагандай, мекеме түзүлгөндөн тартып анын негизги ишмердүүлүгү маалыматтык технологиялар тармагындагы мамлекеттик саясатты  жана электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүү, электрондук почта байланышы, радио теле көрсөтүүлөр тарамагында тармактар аралык координацияны ишке ашыруу  болуп саналат.

Ал ошондой эле 2016-жылдан тартып, Мааалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан маалыматтык-коомуникациялык технологиялар тармагында түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде «Таза Коом» долбоору боюнча иштер жүргүзүлдү.

«Таза Коом» келечекте мобилдүү жана ийкемдүү мамлекетти курууда санариптик экономикага өтүүнү тездетет, ар кандай заманбап чакырыктарга ыкчам жооп берүүгө жол ачат, коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик, коомдук жана ишкер чөйрөдө бийик максаттуу программаларды ишке ашыруу зарыл. Модернизациялоо процесси мамлекеттин башкы тармактарын камтыйт», – деди Бакыт Шаршембиев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, электрондук башкаруу боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен  калктын аткаруу бийлигине болгон ишеними өсөт. Коорупцияны жоюуга  мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга байланыштуу аталган маселе бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өзгөчө көзөмөлүндө болууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: