Menu

Ош облусунда ажылык сапарга баруучу жарандарды окутуу иштери башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, Ош облусунун Араван районунун борбордук мечитинде 2017-жылдагы ажылык сапарга баруучу жарандарга жана ажы башчыларга окутуу иштери башталды, – деп билдирди Ош облустук казыятынын маалымат кызматы.

Аталган окуу семинары Кыргызстан Мусулмандарынын фатва бөлүмунүн башчысы Равшан ажы Эратов жана Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев тарабынан өтүлүп, зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери үйрөтүлүүдө. Равшан ажы Эратовдун айтымында зыяратчыларга ажылык зыярат учурунда ибаадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Аравия мамлекетинин ажылык учурундагы коюлган эреже тартиптерин, мыйзамдарын тереңдетип үйрөнүүсүнө басым жасалып, убакытты так сактоо жана жоопкерчиликтүү болуу милдеттери түшүндүрүлүүдө. Бул иш-аракеттер ажылык зыяратты аткаруудагы кемчиликтерди кетирбөөгө жана сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи.

Эскерте кетсек, аталган окуу семинарлары Ош облусунун башка райондорунда да уюштурулуп, ажы башчылар да өз алдынча кошумча сабактарды өткөрүп турушмакчы.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: