Бүгүн 5-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгында саптык даярдоо сабагы боюнча даярдыктан өтүштү. Бул туурасында ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын ККББнын башчысы ПМББнын өздүк курамынын саптык даярдоо сабактарынын даярдыгы боюнча докладты кабыл алды. Саптык даярдоо сабагын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кесиптик жана дене-тарбия боюнча даярдык башкармалыгынын тескөөчүсү өткөрдү. Саптык даярдоо сабагынын башталышынан мурда кызматкерлердин документерине, өздүк жетонуна, ирээттүүлүгүнө жана пагонду туура тагынуусуна, белгилерине, жеңдин үстүнө бастырылган тилкесине көңүл бурулду. Олуттуу сын-пикирлер айтылган жок. Аскердик билим берүү жана окутуу, негизги сабактардын бири. Сабактын жүрүшүндө туура сапка туруу, ордунан бурулуу, саптык кадам таштоо менен аскердик саламдашуу болуп өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ