«Таасирдүү кыргыз чиновниктери Украинага курал сатканбы?» деген суроо тар чөйрөдө козголуп, эл аралык байланыштар жагынан шектенүүлөр жаралган. Эгер Россиянин душманы катары саналган Украинага курал сатканыбыз аныкталса чатак болмок да, туурабы? Аталган суроо боюнча «жиптин учугу» президенттин аппараттын башчысы Сапар Исаковго багышталганында эмне сыр бар? Аппарат башчы аталган теманын айланасындагы күбүр-шыбырга неге чекит койбойт? Дал ушундай шектенүүлөрдүн айынан Исаковдун рейтинги түшүп, премьер-министр болууга жолу жабылдыбы? Албетге, Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү Россияга карата биздин дилибиз да ак болушу шарт. Себеби, орустардын далай жакшылыгын көрүп келүүдөбүз. «Шибегени капка ката албайсың» дегендей эле, береги суроолордун түйүнү эртеби-кечпи ачыкталса керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ