Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин үйүн тоноп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Белгилүү болгондой, уурулар акыйкатчынын үйүнө 9-июлдан 10-июлга караган түнү киришип, акча жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Азыркы тапта уурдалып кеткен буюмдардын жана акчанын көлөмү такталып жатыптыр. Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес. Оторбаев өзү иш сапарда, ал эми үй-бүлөсү конокто болгону кабарланат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ