Menu

Чоң-Алайда сел каналдын жээгиндеги 150 даана габион сеткаларын жараксыз кылды

Бөлүшүү:

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 10-июль күнү саат 10:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ачы-Суу айылынын ичиндеги ички чарбалык жолдун узуну 600м, туурасы 1м чейин жеп, унаа каттам токтоп калган, бирок катоо үчүн кошумча айланма жол бар. Бул туурасында ӨКМ билдирет.

Ошондой эле, алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жогоруда аталган айылда кайрадан нөшөрлүү жамгыр жаап, жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада ички чарбалык жолду суулар каптаган.
Андан сырткары Цемент каналына тосулган 100 даан габиондук сеткаларды жана Така каналына тосулган 50 даана габиондук сеткаларды агызып кеткен.

Селдин кесепетин жоюу үчүн 2017-жылдын 11-июлунда айыл аймак тарабынан 1 самосвал жана 1 эксковатор тартылат.

Жогорууда көрсөтүлгөн техникалар тартылгандан кийин ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Жекенди айыл аймагында 2017-жылдын 9-июль күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен колоттордон топтолуп түшкөн селдин кесепетинен Шибе айылындагы Бай-Тейит участкасында 2,5 чакырым ички чарбалык жолду жана 27га үлүш жер аянттарын алып кетүү коркунучу жаралган.

Селдин кесепетин жоюу үчүнр райондук Жарандык коргоо комиссиясы жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган.

10-июль күнү тийиштүү техниканын жардамында суунун нугун буруу иш-чаралары жүргүзүлүп, убактылуу бүткөрүлгөн.

Ошондой эле, 10-июль күнү саат 20:00 чамасында Шибе айылында кайрадан нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Шибе айылына баруучу жолдун 1 чакырым аралыгын суу каптаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: