Menu

Чех компаниясы Жогорку Нарын каскадын курат

Бөлүшүү:

Чехиянын компаниясы Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын жана бир катар чакан ГЭСтерди курат.

Буга байланыштуу түзүлгөн келишимге бүгүн кыргыз өкмөтү менен чехиялык компания кол койду. Кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, чех тараптан Liglass Trading CZ. SRO ишканасынын директору Михаел Смелик кол коюшту.

Келишимге кол коюу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Президент бул келишим башка европалык инвесторлордун Кыргызстанга келишине түрткү болорун белгиледи.

Келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курмай болду. Зилалиевдин ырасташынча Liglass Trading CZ. SRO компаниясы орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптадык деген 37 миллион долларды да кайтарып берүүнү мойнуна алат.

Жогорку Нарын каскадын Орусия кура баштаган, бирок кийин баш тарткан. Долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чех тарап болсо бул каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетерин болжолдоп жатат.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулушун жандантууга жаңы инвестор табылганын президент Алмазбек Атамбаев өткөн айда Орусиядагы сапары учурунда жарыялаган:

– Эми көз тийбесин деп айтпай жаткам, Жогорку Нарын каскадына буюрса инвестор табылды деп айтсак болот. Камбар-Ата ГЭСи абдан чоң потенциалы бар долбоор. Бул абдан кымбат жана абдан керектүү долбоор. Ал деле чечилет, бирок убагында оюндар жүрүп жатканда арай көз чарай кылып, Путинге “сенин жигиттериң ойноп жатат, кийин өзүңөр өкүнөсүңөр” деп ачык айттым. Ошондуктан келишимди жокко чыгардык. Бул долбоорлор салынат. Менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишимге июль айынын аягына чейин кол коюлат деп ишенем.

Буга чейин кыргыз өкмөтү 14 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурс жарыялаган. 14-июнда анын алгачкы айлампасы өткөн.

Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “Русгидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак.

Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, атайын жумушчулар шаарчасы курула баштаган. Аталган долбоордун жалпы баасы 727 млн. доллар деп эсептелген. Курамына төрт ГЭСти камтыган каскад жыл сайын 1 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Бирок бул жаатта иш шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Орус тарап долбоор үчүн 37 миллион доллар коротконун айтып, денонсация шартына ылайык кыргыз тараптан бул сумманы төлөп берүүсүн талап кылган. Жогорку Кеңеш энергетикалык объектте анча өлчөмдө каражат кеткенинен шектенип атайын депутаттык комиссия түзгөн эле.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: