Өспүрүмдөр кылмыш жолу менен бойдон алдырат. Бул тууралуу «Репродуктивдүү саламаттык альянсы» коомдук фондунун аткаруучу директору Галина Чиркина билдирди.
Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү бойдон алдыруу үчүн медициналык мекемелерге дагы кайрылбайт.
«Аборт боюнча статистиканы так деп айта албайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги аборттордун санын азайтып көрсөтүүгө аракет кылат. Бойдон дагы көбүнчө менчик клиникаларда, кээде медициналык эмес мекемелерде кылмыш жолу менен алышат», — деди ал.
Галина Чиркинанын билдирүүсүндө, «Дордой» базарында дары саткан жерде бойдон алдыра турган таблеткалар эркин сатылат.
Расмий маалыматтарга таянсак, өлкөдө бир жылда 21-28 миң аборт болот. Бейөкмөт уюмдар бул санды бешке көбөйткөндө так эсеп чыгат.
Булак: “24.kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ