Menu

Экс-президент А.Акаевдин күйөө баласы 20 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту мурунку президент Аскар Акаевдин күйөө баласын сыртынан 20 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялады.

Маалыматтар боюнча, 2017-жылдын 12-июлунда отурум болуп, Казакстандын Алмата шаарында 1966-жылы туулган Тойганбаев Адил Еркиновичке карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесиндеги 2-бөлүмдүн 2-пункту (адамдардын тобу менен алдын ала келишип алып, алдамчылык кылуу), 4-бөлүмдүн 2-пункту (ири өлчөмдөгү алдамчылык), 188-берененин 1-бөлүмү (монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) жана 213-берененин 2-бөлүмү (ири өлчөмдө салык жана мүчөлүк акы төлөөдөн баш тартуу) менен козголгон иш каралды.

Жыйынтыгында сот А.Тойганбаевди күнөөлүү деп таап, өкүмдү окуду:

– 166-берененин 2-бөлүмүндөгү 2-пункту, 4-бөлүмүндөгү 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкү конфискацияланды;
– 188-берененин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 200 эсептик көрсөткүчтө (20 миң сом) айып салынды;
– 213-берененин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Соңунда, 59-берененин негизинде А.Тойганбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу жана 20 миң сом айып салуу, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде өтөө өкүмү чыгарылды.

Сот, мындан тышкары айыпталуучуну жабырлануучу «Эл аралык Манас аэропорту» ААКтын пайдасына 677 млн 291 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

А.Тойганбаев мурунку президент Аскар Акаевдин улуу кызы — Берет Акаевага үйлөнгөн.

Булак: “turmush.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: