“Сыныктан башканын баары жугуштуу”,- деген сөздүн чындыгы барбы же премьер-министр С.Жээнбековдун өкмөттүк жыйында бир чиновникти кубалап чыккан жоругу башкаларга да жукканбы, айтор азыр аткаминерлер менен чиновниктер көңүлүнө жакпаган карапайым калкты “Чык, эй, чыгып кет, билген жагыңа бар!”,- деп кубалап атышкан кербези. Жакында мына ушундай жорук түштүк райондордун биринде катталды. Анда орой сүйлөп, документ алуу үчүн келген тургундарга «жогол, чыгып кет» деп кыйкырган кызматкердин видеосу социалдык тармактар аркылуу коомчулукка тарады. Телефонго тартылган видеодо мекеменин кызматкери документин алууга келген тургунду түрткүлөп, иш бөлмөдөн чыгарууга аракет жасап, «жогол, чыгып кет, билген жагына барып арыздан» деген сөздөрдү айткан. Мекеме кызматкеринин мындай аракетин катуу сынга алып, «мындайларды атайын берененин негизинде жумуштан алуу зарыл. Чара колдонуш керек», – деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Айрымдары мындайга жол берген мамлекеттик жетекчилерди күнөөлөшкөн. Орой сүйлөп кыйкырган кызматкер азырынча кайсы мекеменин кызматкери экендиги, анын аты-жөнү белгисиз. Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын калтырган пикирине караганда, видео Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө тартылган. Колдонуучулар «кыйкырган кызматкердин аты Айжан, анын жолдошу прокурор», – деген да билдирүүлөрдү калтырышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=1L8S0Ueaz6Q
Булак: “Майдан.kg”
Видео: “Каганат KG“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ