2017-жылы 7-июлда “Чоң жыйырмалык” саммитинин алкагында Орусия жана АКШ президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн бир нече саат өткөндөн кийин Дональд Трамп менен Владимир Путин бейформал жолугушкан, бирок бул тууралуу расмий түрдө кабарланган эмес.
Шейшембиде АКШ президентинин алдындагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү CNN каналына мамлекет башчыларынын урматына уюштурулган сый тамак учурунда Дональд Трамп менен Владимир Путин сүйлөшкөнүн тастыктады. Ага мамлекет башчылары, жубайлары жана котормочулар гана катышкан.
Бул тууралуу биринчилерден болуп Eurasia Group иликтөө борборунун белгилүү америкалык саясат таануучусу Иан Бреммер айтып чыкты. Анын маалыматтарына караганда, эки президенттин сүйлөшүүлөрү бир саатка созулган. Баарлашууну Владимир Путиндин котормочусу которгон. Бреммер бул протоколду олуттуу түрдө бузуу деп эсептейт. Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү бул сүйлөшүүлөргө катышкан эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ