Menu

Финансы полициясынын жетекчилиги БУУ БКБнын КРдагы Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын Финансы полициясында ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин Бириккен Улуттар Уюмунун КРдагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык кеңсесинин башчысы А.М. Селезнев менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Кызматтын дараметин жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз ара кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Бул тууралуу 25-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жолугушууну ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеев учурашуу жана келгендери үчүн ыраазычылык сөздөрү менен ачып, ошондой эле бүгүнкү күндө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толтуруу, ишкердикти жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес жана өлкөгө инвестициянын агымы үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү ЭККМКнын артыкчылыктуу милдеттери экендигин белгилеген.

Ошондой эле, ЭККМКнын ишмердигинин маанилүү багыттары болуп экономикалык кылмыштардын жаңы түрлөрүнө (жалган ишкердик, рейдерлик, кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын адалдоо) каршы күрөшүү жана келтирилген зыяны жүздөгөн миллион сом болгон экономикалык чөйрөдөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү саналат.

Сыймык Жапыкеев экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө эң негизгиси саясий эрк экендигин баса белгилеген. Бизде ушундай саясий эрк бар жана биз бул күрөшкө даярбыз!

А.М. Селезнев өз кезегинде ЭККМКнын төрагасы жана катышып отурган кызматкерлери менен саламдашып, ошондой эле Финансы полициясына финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дараметти жогорулатуу маселесинде колдоо көрсөтүү менен жемиштүү кызматташууга даяр экендигин тастыктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттары каралып, алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу келечеги айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: