Menu

Ала-Бука районунунда жаңы автоунаа көпүрөсү курулду

Бөлүшүү:

Ак-Там айыл аймагынын Жапа-Салды айылына узундугу 4 метр болгон жаңы автоунаа өтүүчү көпүрө курууга КР ӨКМги тарабынан 7400 кг цемент, 1011 кг арматура жана 1 бирдик ХОВО самосвал бөлүнүп берилген. Жергиликтүү айыл аймак тарабынан өзгөчө кырдаалдарүчүн каралган бюджеттин эсебинен 100 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жеке менчик 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик самосвал техникалары жалданып, күнүнө 20 адам жумушка тартылып, бүгүнкү  күнгө аталган автоунаа өтүүчү көпүрө толугу менен курулуп, жумуш аяктады.  Бул туурасында ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирет.

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын  Натыйжасында Жапа-Салды айылындагы 52 кожолуктун жол каттамы жакшырды.

Ал эми КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы Жапа-Салды сел сайына автоунаа көпүрөкуруу жумуштары аяктады.  

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы Беш-Коргон участкасынын Э.Чотбаев көчөсүндөгү 300 кожолуктун жол каттамын жакшыртуу максатында Жапа-Салды сел сайына жаңы автоунаа өтүүчү көпүрө курууга КРӨКМги тарабынан 6450 кг цемент, 872 кг арматура жана 1 бирдик ХОВО самосвал техникасы (күйүүчү майы менен) бөлүнүп берилген.

Жергиликтүү айыл аймак тарабынан өзгөчө кырдаал үчүн каралган бюджеттин эсебинен 170 000 сом акча каражаты бөлүнүп, тендердин негизинде атайын жеке менчик фирмалар тарабынан 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик автокран техникалары тартылып, күнүнө 10 адам жумуш аткарышып, бүгүнкүкүнгө аталган автоунаа көпүрөсү толугу менен курулуп, жумуш аяктады.  

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын Натыйжасында Ак-Коргон айылындагы 300 кожолуктун жол каттамы жакшырды. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: