Menu

Бишкекте жарандык аялын бычактаган киши адам өлтүрүүгө айыпталып жатат

Бөлүшүү:

Бишкекте жарандык аялын бычактаган жаран адам өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы журналисттерге маалымдады.

17-июнда болжол менен саат 9:50дө 36 жаштагы мас эркек киши өзүнүн 28 жаштагы сүйгөнүн кызганып, ага кол көтөрүп, “өлтүрөм” деп бычак менен коркутуп, барымтага алган.

Милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал жаранды кармашкан. Бирок, эркек жарандык аялына бычак сайганга жетишип калган. 30 жаштагы аял денесинин 3 жеринен: моюнунан, акырегинен жана далысына бычактан жаракат алган. Жабыркаган аял  Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Ал комага түшүп калып, кечээ 18-июнда болжол менен кечки саат 9дарда каза болгон.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча катталып, кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы төрөлгөн С.К., каза болгон аялдын жарандык күйөөсү кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: