Menu

Казакстан Сайрагүл Сауытбайды Кытайга өткөрүп берген жок

Бөлүшүү:

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл Сауытбайды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, бирок аны Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарды.

Судья Сауытбайга жаза чегерүүдө Казакстан кол койгон БУУнун Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясы эске алынганын айтты. Шаршембидеги өкүмдөн кийин Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду.

Ага чейин мамлекеттик айыптоочу Сауытбайдын эрезеге жете элек балдары бар экенин эске алып, ага сыртынан көзөмөл орнотуу менен шарттуу жаза берүүнү жана сот залынан бошотууну суранган. Буга чейинки отурумдарда Сауытбай күнөөсүн мойнуна алып, кандай гана жаза болбосун аны Казакстанда өтөөгө макул экенин айткан.

30-июлда “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин Сауытбайды Кытайга депортация кылбоого үндөгөн. Уюм аны Кытайда түрмө күтүп турганын жана ал жакта кыйноого алынышы мүмкүн экенин белгилеген.

Апрель айында Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбай Алматы облусундагы Байдибек айылында күйөөсү жана балдары менен жашап жаткан. 42 жаштагы Сауытбайды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 21-майда кармаган. Ага “Хоргос” чек ара бекетинен “мыйзамсыз өткөн” деген айып коюлган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: