Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев Японияда өтүүчү Shoot Boxing S-cup кубогуна арналган мелдешке катышат.
Маалым болгондой, мелдеш 18-ноябрь күнү Токио шаарында өтөт. Анда Shoot Boxing S-cup кубогу үчүн дүйнөдөгү эң мыкты делген 8 спортчу күч сынашат.
Аталган беттеш Федосеевдин 2018-жылдагы алгачкы беттеши. Ал 1 жылдан бери ден-соолугуна кам көрүү үчүн мелдешке чыгууларды токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ