Menu

Кыргызалтындын “Центеррадагы” үлүшү азайды

Бөлүшүү:

“Кыргызалтын” ишканасы Кыргызстандын “Кумтөр” долбоорундагы үлүшу 6 пайызга азайды деген маалыматты тактап жатат. Кыргызстандын үлүшү кыскарганын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, журналист Кабай Карабеков “24.kg” сайтына жазган. Анын белгилешинче, канадалык “Центерра голдинк” компаниясы 2016-жылы алтын жана металл казган “Thompson Creek” фирмасын сатып алган. Финансылык операция 1 млрд, доллардан жогору бааланган. Сатып алууну ийгиликтүү өткөрүү үчүн акцияларга кошумча эмиссия жүргүзүлгөн. Жалпысынан 141,4 млн. долларлык 26 млн.599 миң 500 жаңы акция чыгарылган. “Сатып алуулар жана баалуу кагаздарды кошумча эмиссия кылуудан буга чейин 32,7 пайызды түзгөн “Кыргызалтындын” үлүшү 26,26 пайызга чейин ылдыйлаган” – дейт Кабай Карабеков “24.kg” маалымат агенттигиндеги макаласында.

“Кыргызалтындын” акцияларынын базар баасы учурда 412 млн. долларга бааланууда. Ал эми акциянын саны мурдагыдай эле 77 млн. 401 миң 766 даана деп эсептелип жатат. Кабай Карабеков бул маалыматтар ишенимдүү булактардан алынганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик “Кумтөр” маселесин бир жаңсыл чечүүнү убада кылган. Жогорку Кеңеш “Кумтөр” маселесин чечүү боюнча 2014-жана 2015-жылы токтом кабыл алган жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Бирок алар аягына чыккан эмес.

Былтыр 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында “Кумтөр” боюнча “Центерра” менен теңме-тең сүйлөшүү жүрүп, жылыштар болот деп ишендирген эле.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: