Menu

Тилеги бузуктар шайлоодон чыр чыгарабы?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоонун датасы такталгандан бери жетимсирей түшкөн саясатка кайрадан жан кирип, хан тактысын эңсеген азаматтардын түн уйкусу бузула баштады. Мамлекеттин капчыгын шылый чаап, элдин үстүнөн курсакты кампайтып көнгөн нойондор бийликке жетүү үчүн баш көтөрүп, акырын сагынган аттардай алкынып, чоң кызматка жулкунууда. Ток этээрин айтканда, быйылкы шайлоонун ызгаары эмитен эле башталып, өтө курч мүнөздө өтөрү аяк салууда.

Эскирген жылдын этегинде эле бир нечеси жар чакырып, «Чабал өрдөк эрте учат» дегендей таңзаарда аттанып алганын байкаган элек, бирок бийликтеги партиянын талапкери такталбай, бир нече айга кыжаалатка салып койду. Албетте, бул дагы чоң саясый технология экенин билебиз, атаандаштын мизин мокотуп, демин майтаруу максатында жасалаары баарына маалым. Мисалы, башкасын айтпаган күндө да үчилтик деген биригүүнү талкалап, чар тарапка ыдыратканы мунун фактысы болду десек жаңылышпайбыз. Күтүү процессиндеги саясий лөктөрдүн чыдамы чыңалып, ортодо интрига аралап, аягында сынды. Албетте, булар президенттик такка болгон күрөштүн маданияттуу гана үлгүлөрү, алдыда түркүн көрүнүштөр орун алышы ыктымал, айрымдары митайымдыкка барып, ыплас нштерди жасашы мүмкүн.

Дегенибиз, аламанга аттангандардын алды Орусияга, аркасы коңшу мамлекеттерге чабагандап, эшик сагалаганы ачыкка чыгууда. Элибиз бир нече ирет какшап, эл башына келүүнү самагандар сырттан колдоо күтпөгүлө дегенине карабай, булар эски илдетти оожалтып, бөтөн элдин жетекчилерине колтук ачышууда. Эң эле жаманы, өлкөдөн куулган ажолор өз таасирин арттыруу максатында жүндүү колдорун матырып, ишенимдүү адамдарын жарышка чыгарууга аракеттенип жатканы жанды кейитүүдө. Эч кимден жашыра албайбыз, качып жүргөн канкор бакиевдер буга чейинки парламенттик шайлоолордо күргүштөгөн акчанын күчүнө салып, анча-мынча долбоорун ишке ашырганга жетишти. Өз кишилерин бир нече партия аркылуу Жогорку Кеңешке киргизди. Учурда акаевчи менен бакиевчилер койкоюп, кыргыздын төрүндө уялбай отурушат.
Негизи, уңгулуу элибиздин абийир деген улуу салтына ылайык жыдыгандар баш көтөрбөй, эл алдына чыкпай койсо жарашмак. Жаш муунга жол бошотуп, аксакалдык вазыйпаны аткарышса эң мыкты иш кылышмак. Тилекке каршы, калктын кыжырын кайнатып, каз-катары менен кайрадан бийликке тизилүүдө. Албетте, ичитардык кылбайбыз, эгер эл үчүн иштегенге дит койсо чыксын, иштесин. Бирок бийлиги жок деле кызмат кылса болот да. Маселен, экс-депутат Ө. Абдрахманов Европанын стандартындагы бак тигип, мамлекеттин айыл-чарбасына салымын кошконго бел байлады. Башка жетекчилер деле бийликтен жыйнаган акчасын өндүрүшкө салып, бактысын чарбалык иштен сынаса эң сонун болмок. Бирок, бекерге көнгөн агаларыбыз бетти сыйрып, кайрадан мамлекеттин каймагын калкыганга жан үрөгөнү жанды кашайтууда.
Эгер аламан жарышка аттангандар мыйзам чегинен чыкпай, элдин келечеги менен мамлекеттин бүтүндүгүн эске түйсө сөз жок, дымагы бардын баары өз дараметин сынай берсин демекпиз. Асыресе, бизде жеңилгенин мойнуна албай, чыр чыгарууну адатка айланткан эрендер бар экенин ойлогондо жүрөгүң зырп этет. Ырас, бийлик бир нечесинин такымын толгоп, түрмөгө чейин тыкты. Тилекке каршы, темир тор артындагы азап дагы буларды эсине келтирбеди. Кайрадан баш көтөрүп, мөөрөйдү илгенге аракеттенүүдө. Бирок, «Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» дегендей, иштин баары пенденин ойлогонундай боло бербейт. Өзгөчө биздин, кыргыздын саясатында «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңген» учурларды көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармадык. Демек, канчалык жутунбагын баарын улуу күчтөр чечери анык.
Айтып жатканыбыздын ток этээрине келсек, койнунда котур ташы бар айрым бир топтордун колуна бийлик тийбей калса чыр чыгарганга аракеттер болору каңкууланууда. Муну А.Мадумаровдун сөзүнөн да так байкасак болот. Сүткө оозу күйгөн жарыктык киши үч жолу шайлоодон утулганын кайталап, биздин өлкөдө мыйзамдуу бийлик алмашпастыгын кыйытып, чечкиндүү кадамдарга барарын ачык билдирүүдө. Демек, сырткы күчтөр биздин камчыга сап болоор азаматтардын колтугуна суу бүркүп, тополоңго карай тукуруп жаткан жокпу? Оюндан от чыгып, үчүнчү төңкөрүш кайталанып кетсе, мамлекеттин түбөлүгү кандай болот? Кыскасы, президенттик тактыдан адам өмүрү бийик экенин эске салабыз, жеке кызыкчылыктан эл тагдыры жогору турарын эч кимибиз унутпайлы.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: