Беш алты жылдан бери чуу менен коштолуп, аягына чыкпай ара жолдо калып келе жаткан «Коопсуз шаар» долбоору бул жолу да мурдагыдай эле таз кейпин кийгени турат. Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорун жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатканын айтканы менен эмдигиче жылыш байкалбайт. Долбоорду кимдер ишке ашырат, кимдер көзөмөлдөйт дайын жок. Конкурс же тендер дегендин жыты билинбейт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул ирет долбоорду ишке ашыруу үчүн коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө жагы каралып жатканын гана айтып, тил эмизгени болбосо конкреттүү эмне иш-чаралар көрүлүп жатканы боюнча ооз ачкан жок. Айткандай, коррупциялык тобокелдиктер тууралуу айтып жаткан Шаршембиевдин өзүнүн ишмердүүлүгү күмөндүү экени Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленип, ал түгүл кылмыш иши козголуп иштен алынган. Абулгазиев өкмөт башчы болгондо кепилдигин мойнуна алып өлөрмандыкка салып кайра дайындаган. Эми ушул жигит кыйратабы деген маселе суроо жаратууда…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ