Ысык-Көл районунда Индияда таажывируска чалдыккан 2 адам менен таксиде чоогу кеткен 2 жаран да табылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ыссык-Көл районунун акими Данир Иманалиев журналисттерге билдирди.
Акимдин айтымында, алар Балыкчыдан -Чолпон-Атага чейин таажывирус илдети табылган Түптүн 2 тургуну менен чоогу таксиде кетишкен.
Алар табылары менен Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада жаткырылды. Алардын үй-бүлөлөрү дагы обсервацияга алынып, текшерүүдөн өтүшүүдө.
Алардын анализдери Бишкекке жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ