Алмазбек Атамбаев 22-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты, Алтай Республикасынын Мамлекеттик жыйыны – Эл Курултайынын экс-төрагасы Иван Белековду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Иван Белеков Президент Алмазбек Атамбаевге эл аралык форумдун ишине катышуу үчүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Форум абдан жакшы даярдалгандыгын, болгондо дагы анын идеясы терең ойлонуштурулганын сездим”,- деди Иван Белеков.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки элдин тарыхый байланыштарын эске алуу менен, Кыргызстан менен Алтай Республикасынын ортосунда маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуусунун маселелери талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ