Алмаз Атамбаев эмне үчүн “бок” деген сөздү колдонуп сүйлөгөнүн түшүндүрүп берди.
“Мен бир жолу “бок” деген сөздү айткан экем, дароо эле, мына, Атамбаев уят сөз сүйлөп жатат деп айтып чыгышты. Бул адабий сөз, орой, бирок ал андан да орой бир сөздү алмаштырат. Кайра калкып чыгып жаткан ушул бок, шайлоодон кийин жок болушун каалайт элем. Өлкө таза колдо, ары карай өсүп гана турса дейт элем”, –
деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ