“Көпчүлүк “Өмүрбек Бабанов орус-кыргыз фондунан 17 миллион доллар насыя алгандыгы үчүн жооп бериши керек” дешет,” – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Анын туугандары ТРК Asia-Mallдын курулушу үчүн насыя алышыптыр, эч ким аларга орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алууга тыюу сала албайт. Ал фонддо ошондой чоң долбоорлор үчүн насыя берилет, ал эми карапайым эл үчүн башка банктар аркылуу берилет. Мисалга, дыйкандар жана фермерлерге ушул жылы 6%дык сом менен насыя берип жатабыз” – деди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ