Москва шаарында жол кырсыгына кабылып көз жумган 22 жаштагы Алтынай Салиева аттуу кыргызстандык кош бойлуу, ай күнүнө жетип аз күндө төрөйм деп турган келиндин сөөгү кечээ Кыргызстанга, туугандарына алынып келинди. Эске салсак, окуя 19-июль күнү Москванын Ленинград шоссесиндеги жол боюнда болгон. Маалыматтарга караганда, келинди сүзгөн машиненин айдоочусу рулду башкара албай, жол жээгиндеги тосмону барып сүзгөн. Денесинен оор жараат алган келин дароо ооруканага алынып барып бир эмес, эки ирет операция жасалганы менен тилекке каршы, аман алып калууга мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер ичиндеги ымыркайды да аман алып калууга аракет жасашкан. Бирок, ымыркай дагы уктаган боюнча көз ачпай, жарык жашоону көрбөй көз жумган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ