КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Таштак участкасындагы Арстанбап сайына автоунаа көпүрө куруу жумуштары жүрүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Таштак участкасындагы 100дөн ашуун кожолуктун жана мектеп окуучуларынын жол каттамын жакшыртуу максатында Арстанбап сайына узундугу 24 метр болгон жаңы автоунаа көпүрө курууга КР ӨКМги тарабынан 17900 кг цемент, 2048 кг арматура жана 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик автосамосвал техникалары күйүүчү майы менен бөлүнүп, жергиликтүү айыл аймак тарабынан күнүнө 20-30 адам жумушка тартылып бүгүнкү күнгө аталган автоунаа көпүрөнүн тирөөчтөрү курулуп, жумуш жүрүп жатат.
КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Арстанбап айылындагы 100 дөн ашуун кожолуктун жана мектеп окуучуларынын жол каттамы жакшырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ