Menu

Алмазбек Атамбаевди бүгүн сотко күч менен алып келишеби?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту болот. Буга чейин бул ишке шек саналып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев эки жолу (11-октябрь, 14-октябрда) сотко келүүдөн баш тартып койгону үчүн сот отуруму жылып келди.

Кечээги жабык эшик артында өткөн маселеден кийин, Биринчи май райондук соттун өкүлү Асел Равшанбекова чыгып, Атамбаевдин келбей калганына байланыштуу бир жылганын жана аны сотко алып келүү боюнча ЖАМКга эскертилгенин айткан. Бүгүнкү сотко Алмазбек Атамбаев күч менен алынып келиши ыктымал…

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгы үчүн коррупцияга катышкан» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: