Menu

Алкоголь ичимдигин өндүрүү тармагын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун киргизүү сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Бул багыттагы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөгөн атайын бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү чарасы сунушталууда.

Демилгечилердин айтымында, бирдиктүү тутум аткезчиликке бөгөт коюп, бюджеттик кирешелердин көбөйүшүн шарттайт. Себеби, азыр көмүскө алкоголдук продуктарды өндүргөндөрдүн саны өтө арбын.

Депутаттар мындай демилге тармактагы мыйзам бузууларды жоюуга жана көмүскө экономиканы азайтууга көмөкчү болорун белгилешти. Алар каражат маселесин инвестиция тартуу жолу менен чечип, мында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан пайдалануу керектигин кошумчалашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: