«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жайкы эс алуу күндөрүндө имиджин өзгөртүп, сакал-мурутун өстүрүү менен саркеч мырзага айлангандай. Анын «модник» түспөлүндөгү береги сүрөттөрү көп нерсенин башын каңкуулашы мүмкүн. Адатта эркектер чоң сүйүүгө кабылганда дал ушундай маанайда жаңычылдыкты издеп, өң-түспөлүн жана дүйнөтаанымын өзгөрткүлөрү келишет. Ал эми Алтынбек мырзага эмне болгону азырынча белгисиз, балким ичиндеги купуя сырын көпчүлүккө чыгаргысы келбейттир. Ким билет? «Бир Болдун» лидери болуп-толуп, төгөрөгү төп келишип турган кези эмеспи. Чырайлуу жаш селкини сүйсө неге жарашпасын?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ