Menu

“Ата Мекен” Текебаевди тил сынагына катыштырууну талап кылууда

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясы камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүүнү талап кылууда. Эгер бул талап аткарылбаса, партиянын бир нече мүчөсү ачкачылык жарыялай турганын бүгүн маалымат жыйында билдиришти.

асма сөз жыйынга партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева, юрист Канатбек Азиз, парламенттеги фракциянын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко катышты.

Асия Сасыкбаеванын айтымында, БШК өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арызын тапшырган Өмүрбек Текебаевдин тест тапшыруу мөөнөтүн белгилегени менен аны катыштыруу маселесин чечүүдөн оолак болууда.Текебаевге 40 миң кол топтолгонун, бирок үчүнчү этап – тил сынагын тапшырууга уруксат берилбей жатканын кошумчалады:

– Бүгүн сот адвокаттар менен айыпталуучулар жок эле өтүп жатат. Текебаев, Чотонов жана анын тарапкерлеринин ачкачылык жарыялашынан башка арга көрбөй турабыз, – деген Асия Сасыкбаева президент Алмазбек Атамбаевди сотко келип көрсөтмө берүүгө, бийлик башында турган жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн адам катары талапкерлердин конституциялык укуктарын камсыздоого чакырды.

26-июлда Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан. Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен БШКга кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаган.

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады. Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу экинчи болуп арыз берген Текебаев жадыбал боюнча кечээ тест тапшыруусу керек эле. Мамлекеттик тилди билгенин аныктаган сынактан өтүү президенттик кызматка талапкерлерге коюлган башкы талаптардын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: