Menu

Абайлабаган айдоочунун айынан кырчындай кыз көз жумду

Бөлүшүү:

Үч күн мурун Бишкектеги Асанбай кичи районунда болгон авто кырсыкка өз көзүбүз менен күбө болдук. Анда 1987- жылы Ысык-Көл облусунда туулган Бурул аттуу кызды машине уруп көз жумду. Машиненин айдоочусу жашы отуздан ооп калган орус улутундагы жигит экен. Айдаган машинеси “Форд Транзит” деген машине экен. Ал түштүк магистраль трассасы аркылуу тоо тараптан шаарды көздөй түшүп келе жатып жөө киши өтүүчү жол үстүндөгү сызыктан алдындагы токтогон машинеден буйтайм деп, катуу келе жатканына байланыштуу тормоз тепкенге үлгүрбөй, жол эрежесин так сактап, өз жолунда келе жаткан кызды келип сүзгөн. Кыз сүзгөн жерден беш- алты метрдей алыстыкка учуп барып кара кушу менен асфальт жолго кулаган. Ошончо метр жерге учуп барып кулаганды элестетиңиз, кыз көп өтпөй эле тез жардам унаасы келгенче жан берди. Тез жардам чакыргандан кийин жарым саатка жакын убакытта келди. Экспертизанын тактоосуна караганда айдоочу ичимдик ичкени аныкталган. Эми жазасын алсын.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: