Menu

Москвада коронавирустан 2 кыргызстандык каза тапты

Бөлүшүү:

Москвада эки кыргыз жараны  коронавирус оорусунан каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик Москва өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме жасап, Россияда Кыргызстандын жарандарынын арасында 100дөн ашык COVID-19 инфекциясы катталганын билдирди. Элчилик аларга изоляцияда болушу үчүн батирлерди ижарага алып берген.

Белгилей кетсек, Москвада коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын оорусу жеңил болсо, алар ооруканага жаткырылбайт. Дары-дармек жазылып, үйдөн дарыланышат. Дарыгерлер телефон аркылуу чалып, абалын текшерип турушат.

Белгилүү болгондой, Москвада 18-майда коронавирусту жуктургандардын саны 146 миңден ашты. 28 миңден ашыгы айыгып, 1580 адам каза тапты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: