Menu

Өкмөт өлкөнүн жарандары үчүн чек ара аймактарына кирип чыгууга жана калууга уруксат берүүчү документтерди алуунун убактысын кыскартты

Бөлүшүү:

Сапар Исаков токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөнүн жарандары үчүн чек ара аймактарына кирип чыгууга жана калууга жарандар, уюмдар, чарбалык жана ишмердүүлүк менен алектенген жарандар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуунун убактысын кыскартты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарын чыккан жарандар же уюмдар үчүн тиешелүү документтерди тапшырган күндөн баштап 9 күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды.

Токтомго ылайык жарандардан жана уюмдардын жетекчилеринен келип түшкөн арыздарды каттоо жана аны каттоо үчүн улуттук коопсуздук органдарына макулдашууна жиберүү процесси бир жумуш күнүн түзөт.

Чек ара аймактарына кирүү же ал аркылуу өтүүгө улуттук коопсуздук органдары тарабынан уруксат кагазын алууга арыз берген күндөн баштап бир жумушчу күндүн ичинде алынат.

Уруксат кагазын берүү же андан баш тартуу боюнча улуттук коопсуздук органдарынын макулдугунан кийин бир жумушчу күндүн ичинде чечим чыгарылат.

Чек ара аймагына кирүүгө уруксат алынгандан кийин жарандар же уюмдардын өкүлдөрү кайсы жерге баргандыгына жараша уруксат документтерин чек ара кызматына, жакын жердеги чек ара отрядына, заставаларга же бөлүмдөргө көрсөтө алышат.

Аталган токтом Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылып жатат. Анда негизги максат өлкөдөгү чек ара коопсуздугун бекемдөө болуп саналат.

Сунушталган өзгөртүү өлкө жарандарынын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө жана кошумча шарттарды түзүүгө багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: