Menu

Президенттикке талапкерлердин арасында алдамчылар, коррупционерлер жана бейбаштар бар

Бөлүшүү:

Талапкерлердин ичинен 11 жаран кылмыш ишине тартылган, алардын жетөөсү соттолгон, айрымдары бир нече ирет соттолгон. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекова билдиргендей, азырынча бул сан такталып жатат, себеби документтерди кабыл алуу токтоп, бардык талапкерлерди текшерүү бүтө элек. “Бир талапкердин алдамчылык үчүн эки ирет соттуулугу бар, мыйзамсыз каржы жеңилдиктерин алгандыгы үчүн соттолгондор бар. Азырынча алардын соттуулугу жоюлгандыгы такталууда. Ошондой эле, талапкерлердин арасында калп ишкерчилик менен алектенген жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотулгандар бар. Үч талапкер бийликти күч менен басып алуу, бейбаштык беренелери менен соттолгон. Дагы бир талапкер коррупцияга жана алдамчылыкка тиешеси бар делип кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындан тышкары улуттар аралык чыр чатакты ырбатуу, мыйзамсыз баңги затын сактоого, айлантууга тартылгандар бар”,- деди БШК төрайымы. Бардык талапкерлер боюнча текшерүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, БШКга 59 жаран президенттикке талапкер катары арыз таштаган.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: