Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде сегиз өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө, Талас жана Ош облустарында бирден өрт кырсыгы болгон. Ал эми Жалал-Абадта үч өрт кырсыгы катталган.
Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан “Ош-Пирим” кафесинин килеми өрткө учураган.
Ал эми Чүйдөгү Ивановка айылында 15 кв.м сарайдын чатыры күйгөн.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында коопсуздук бөлмөдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн чыгуу себептери, жоопкерчиликсиз мамиледен улам келип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ